Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Кыргызстан жарандык коому Украинадагы өзгөрүүлөрдү кубаттайт


Мындай билдирүүнү бүгүн Кыргызстандагы бир нече жарандык активист таратты. Анда 18-февралда Киевде конституциялык реформаны талап кылган демонстранттарга ок атылганы айыпталат. Жарандык коом өкүлдөрү Януковичтин режими кылган бул ишти адамкерчиликке каршы жасалган кылмыш деп саноого, окуяны эл аралык трибуналда иликтөөгө жана мурдагы президент менен анын жакындарынын банк эсептерин камоого чакырды.

Буга чейин Кыргызстандагы «Реформа» либералдык партиясы Украинадагы соңку окуяларды колдоорун билдирген болчу.

Өткөн апта соңунда Украинада оппозициянын демонстрацияларынан кийин бийлик алмашып, убактылуу президент дайындалды. Акыркы апталарда кагылыштарда аз дегенде 80 киши набыт болду.(BkA/KE)

XS
SM
MD
LG