Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

УКМК: Бир жылда террорго шектүү жети топ кармалды


Өткөн жылдын башынан бери Кыргызстанда террорчул деп шектелген 7 топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Ал топтордун катарында жалпысынан 20дан ашык киши бар. Кармалгандардын көпчүлүгү Сириядагы согушка катышып келгендер, арасында кошуна өлкөлөрдүн да жарандары бар. УКМКнын расмий эсебинде Сирияга Кыргызстандан 50 жаран кеткен. Алардын бешөө ошол жактан каза тапкан.

Атайын кызматтын маалыматында, Сирияга бир адамды алдап жөнөтүү үчүн 500 доллар акы төлөнөт. (YI)

XS
SM
MD
LG