Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

АКШ менен НАТО Ооганстан боюнча “акыркы чараны” талкуулап жатат


Министр Хейгел Кандагарда ооган аскерий лидеролери менен жолугушуу маалында, 8-декабрь, 2013
Министр Хейгел Кандагарда ооган аскерий лидеролери менен жолугушуу маалында, 8-декабрь, 2013
АКШнын коргоо министри Чак Хейгел бүгүн Брюсселде НАТОнун коргоо министрлери менен Ооганстандагы аракеттерди талкуулоодо. Мунун алдында кечээ Ак Үй Пентагонго ооган жериндеги 33 миңдей америкалык аскердин баарын жыл этегине чейин чыгарып кетүүгө камынууну буйруган болчу.

Бүгүн Хейгел журналисттерге сүйлөп, күн өткөн сайын “алар үчүн карай турган вариант азая берээрин” айтты. Азыр эми “акыркы чара катары аскерлерди толук чыгарып кетүүнү” ал “эң эле туура чечим болмок” деди.

Президент Барак Обаманын кечээ берген буйругу ооган президенти Хамид Карзай АКШ менен коопсуздук келишимине дале кол койбой жатканына байланыштуу болду. Карзайдын президенттик мөөнөтү аяктаганы жатат. Апрелде Ооганстанда президенттик шайлоо өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG