Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Кара-Балта мунай заводу качан иштээри белгисиз


Бул тууралуу Экономика министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев билдирди. Анын айтымында, 20-февралда мунайды кайра иштетчү заводду текшерүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Учурда ал заводдун зыянын аныктоо боюнча иш жүргүзүп жатат. Комиссия ишин жыйынтыктаган соң гана завод ишке берилиши мүмкүн. Ал ортодо Жогорку Кеңештеги «Ата-Мекен» фракциясы текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, бирок депутаттар аны колдогон жок.

Кара-Балтадагы мунай завод кытайлык инвесторлор тарабынан өткөн жылы курулуп, аны ишке киргизүү бир нече жолу жылдырылып келген. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү анын иштешине каршы болуп, митингдерди уюштурган. Бирок өткөн апта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өз буйругу менен аталган заводдун ишин токтотту. Буга заводду сыноо учурунда экологиялык зыяндын чектен ашкандыгы себеп болгон. (BkA/KE)

XS
SM
MD
LG