Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Соттор кеңешине жаңы төрага шайланды


Кыргызстандын Соттор кеңешине төрагалыкка Жакып Абдырахманов шайланды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Мурдагы төрага Дастанбай Айжигитов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматын тапшырган. Анын ордуна Соттор кеңеши жаңы төрага кылып Абдырахмановду тандады. Жакып Абдырахманов Жогорку Соттун судьясы. 2001-2002-жылдары өлкөнүн юстиция министри болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG