Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:18

Жаңы украин өкмөтү Майданда элге тааныштырылат


Украинанын жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрү Киевдеги Көз карандысыздык аянтында эл алдында тааныштырылат. Президент Виктор Януковичти бийликтен кулаткан протестчилер менен украин саясатындагы негизги партиялардын өкүлдөрү ушундай чечимге келишти. Майдан кеңеши жаңы улуттук биримдик өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн ысымдары бүгүн кечинде “Незалежности” (же Көз карандысыздык – ред.) аянтында аталаарын билдирди. Дал ушул жер акыркы үч айдан бери Януковичтин режимине каршылык көрсөткөндөрдүн топтолгон жайына айланган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG