Бүгүн Украинадагы Крым автономиялык республикасынын борбору Симферополдо Майдандын тарапкерлери жана ага каршы болгондордун митингдери өтүп жатат. Кечээги акция Крымдын парламентинен Украинадагы жаңы бийликти тааныбоону талап кылган. Жергиликтүү парламент азыр чукул жыйын өткөрүүдө. Автономиядагы крым-татар коомчулугу өлкөдө бийлик алмашуусун колдойт, алар да өздөрүнүн митингин өткөрүп, “Крым Орусия эмес!” деп кыйкырып турушту.