Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Бийчи Атай Өмүрзаков Британияда концерт тартуулайт


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын атагын чыгарган Атай Өмүрзаковду куттуктоодо. 23-декабрь, 2011-ж.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын атагын чыгарган Атай Өмүрзаковду куттуктоодо. 23-декабрь, 2011-ж.
Белгилүү заманбап бийчи Атай Өмүрзаков жана ал жетектеген "Тумар КР" чыгармачыл тобу март айында Британиянын бир катар шаарларында концерт беришет. Бул тууралуу бийчи өзү "Азаттыкка" кабарлады.

Электрик буги багытында бийлеген Өмүрзаков өзүнүн үч шакирти - Азамат, Саламат Абдрахмановдор жана Акыл Жолдошев - менен бирге Англиянын борбор калаасы Лондондо жана Кембриж шаарында бир нече концерт беришет. Британиянын башка жерлеринде да концерт берүү каралууда.

2011-жылкы "Чехия жана Словакия таланттары" сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү жана Кытайдын "Элдик Оскар" сыйлыгынын лауреаты Атай Өмүрзаковдун 8-марттагы концерти Би-Би-Си (Британ телеберүү жана радиоуктуруу корпорациясы) тарабынан Лондондо жаздырылып, аталган сыналгы каналдан көрсөтүлөт.

Бул иш-чараларга удаа эле, британ борбору Лондондо Кыргызстандын мыкты жаш балет бийчилери 9-марттан 15-мартка чейин эл алдына чыгышат. "Тумар КР" бий тобунун жана бишкектик балет бийчилеринин концерттери жергиликтүү сыналгы каналдары аркылуу да Британия калкына көрсөтүлөт. (BAz)

XS
SM
MD
LG