Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ошто «Улуу жибек жолу-2014» жарманкеси өтүп жатат


Ош шаарында «Улуу жибек жолу-2014» эл аралык айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Иш-чара айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталып, жергиликтүү тургундарга жаӊы шаймандар, жер семирткичтер, түшүмдүүлүгү мол үрөндөр базар наркынан арзан баада сунушталып жатат. Ага Кыргызстан, АКШ, Германия, Индия, Түркия, Кытай, Голландия жана Орусиядан кыркка жакын фирмалар катышууда. Бул тууралуу «Жер азыгы» бирикмесинен билдиришти.

Айыл чарба жарманкесин «Жер азыгы» Агроишкерлер бирикмеси уюштурууда. Ал 28-февралга чейин уланат. Жарманкенин алкагында тегерек столдор, талкуулар жана айыл чарба багытындагы окуулар болот. (YI)

XS
SM
MD
LG