Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Беш миңге чукул этникалык кыргыз паспорт алды


Өткөн жылы Кыргызстандын жарандыгын алган этникалык кыргыздардын саны 4500дөн ашты. Алардын арасынан 2103 адам Өзбекстандан кайтып келген кайрылмандар. Ал эми 2014-жылдын алгачкы эки айында жарандык алган 415 кишинин баары Өзбекстандан көчүп келгендер. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Кайрылмандар пенсия жана балдар үчүн жөлөк пул алуу маселеси кыйнап жатканын айтып жатышат. Андан сырткары Өзбекстанда калган турак-жайын сатуу боюнча да көйгөйлөр бар. (SE)

XS
SM
MD
LG