Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Бийликчил депутат оппозицияны сындады


Кыргызстанда жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылдар четтен ири каржы алуу үчүн түзүлүүдө. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Социал-демократтар фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев билдирди. Кутушевдин айтымында, Кыргызстанда бүгүн оппозиция айткандай авторитардык режим жок. Ошондуктан бийликчил депутат оппозицияны бийликке шайлоо аркылуу келүүгө чакырды.

Кечээ Кыргызстанда бийликке нааразы саясий күчтөр "Улуттук оппозициялык кыймылга" бириккенин жарыялап, Бишкекте бет ачар жыйынын өткөргөн. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жетектеген кыймыл азыркы бийликти ыңкылаптан кийин бир да тармакта жарытылуу реформа жүргүзгөн жок деп сындап, башкарууну бир колго топтоду деп президентти айыптаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG