Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Орус элчилигинин алдындагы акция тоскоолдукка учурады


Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында акция өткөрдү. Ал Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владимир Жириновскийдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча айткандарына нааразылыгын билдирди. Токтонасыровдун “Азаттыкка” айтымында, анын акциясына милиция кызматкерлери тоскоолдук кылып, колундагы плакаттарды алып кетти. Акция башка күндөрү уланмай болду.

23-февралда Владимир Жириновский Украинадагы окуяга байланыштуу сүйлөп жатып Борбор Азиядагы көз каранды эмес өлкөлөрдүн макамы боюнча пикирин айткан. Анда ал Борбор Азияны Орусияга федерация аймагы катары кошуу керектигин билдирип, кыргыздардын 1916-жылдагы улуттук боштондук үчүн күрөшүн "орус империясына карата чыккынчылык" деп атаган.

Бул билдирүү боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияга нааразылык нотасын жөнөткөн болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG