Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Турчинов Украинаны сабырдуулукка чакырды


Украин президентинин кызматын убактылуу аткарып жаткан Александр Турчинов Крымда аймактык бийлик имараттарын куралчандар басып алгандан кийин элди тынчтанууга чакырды. Турчинов ким экендиги тактала элек басып алуучуларды «аскер кийимчен кылмышкерлер» деп мүнөздөдү. Ал ошондой эле Орусияны Крымга басып кирбөөгө чакырды. Крымдын премьер-министри Арсен Аваков полиция чукул даярдык абалына келтирилгенин бышыктады. Киевде президент Янукович бийликтен кетирилгенден кийин Крымда калктын 60 пайызын түзгөн орус улутундагы жарандар арасында жикчил маанай күч алды.

XS
SM
MD
LG