Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

Ошто окуучунун тарбиясына миграциянын таасири талкууланууда

Бүгүн Ошто миграциянын мектеп окуучуларынын тарбиясына тийгизген таасири жана ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү маселесине арналган жыйын өтүүдө. Ага КРнын Билим жана илим министрлигинин, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа, Кадамжай, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука райондорунун билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, социалдык педагогдор жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Буга чейин жогоруда аталган ар бир райондогу мектептердин социалдык педагогдору жана ата-энелери менен талкуулар өткөрүлгөн.

Бүгүнкү жыйындын соӊунда билим берүү системасын жакшыртуу, балдардын тарбиясына ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгып, парламентке жана министрликке жолдонмокчу. Иш-чара «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. (YI)
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG