Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

700дөн ашык жаңы планета табылды


АКШнын НАСА аалам агенттиги Жер жайгашкан галактикада 715 жаңы планета тапкандыгын бышыктады. НАСАнын окумуштуулары билдиргендей, планеталар кубаттуу Кеплер теледүрбөсүнүн жардамы менен табылды. Ошону менен Жердин галактикасындагы планеталардын саны 1700гө чукулдады. НАСАнын маалыматы боюнча, мындан болгону 20 жыл мурда эле астрономдор бул планеталардын бирин да билген эмес. Америкалык аалымдардын айтымында, жаңы табылган планеталардын төртөө Жерден эки жарым эсе чоң жана өз орбитасындагы Күндүн бетинде суу болушу мүмкүн болгон аралыкта жайгашкан. НАСАнын илимий кызматкери Дуглас Худжинстин сөзү боюнча, Кеплер теледүрбүсүнүн башкы максаты Жердин түгөйүн табуу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG