Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Британияда аскерди өлтүргөн мусулман экстремисттер кесилди


Британ соту Лондондун көчөсүндө былтыр британ аскерин бычактап өлтүргөн эки мусулман экстремист боюнча өкүмүн угузду. 29 жаштагы Михаел Адебалажо өмүрүнүн аягына чейин, 22 жаштагы Михаел Адебовале 45 жылга кесилди. Экөө сот башталганда кыйкыра бергендиктен, залдан чыгарылган эле. Алар былтыр ооган согушунун катышуучусу Ли Ригбини көчөдө машина менен коюп кетип, бычак менен бишкектеп өлтүрүшкөн. Аскердин башын кесүүгө да аракеттенип, полицияга каршылык көрсөткөндөн кийин кармалган.

XS
SM
MD
LG