Украинанын иштен четтетилген президенти Виктор Янукович украин элине кат жолдоп, өзүн дагы деле Украинанын мыйзамдуу президенти деп эсептерин билдирди. Өз катында ал ошондой эле Орусиянын бийликтеринен «экстремисттерден» коргоп калууну суранганын бышыктады, бирок азыр кайда экендигин тактаган жок.
Орусиялык өкүлдөр Янукович Москвада деген кабарды четке кагышууда. Орусиянын кабар агенттиктерине жолдогон катында Янукович украин парламентинин өзүн иштен четтетүү тууралуу чечими мыйзамсыз деди. Ал Украинанын түштүк-чыгыш жана түштүк аймактары өлкөдөгү мыйзамсыздыкты кабыл албайт деген ишенимин кошумчалады. Мунун алдында Януковичтин Москванын сыртындагы Кремлдин Барвиха эс алуу жайында экендиги кабарланган эле.