Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Хейгел Орусиянын согуштук машыгуусу боюнча эскертүү жасады


АКШнын коргонуу катчысы Чак Хейгел Украинанын чек арасына жакын жердеги бул машыгууга АКШ жакындан көз салып жаткандыгын белгиледи. НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында сүйлөгөн Хейгел Москва бул машыгуулар тууралуу ачык маалымат бербесе, азыркы татаал кырдаалда ал ар кандай тескери ойлорго түрткү болорун белгиледи.

Бүгүн ошондой эле Кошмо Штаттары Украинанын суверендүүлүгүнө колдоо билдирди.

Киевде кабарчылар менен жолугушканда АКШнын Украинадагы элчиси Жеффри Пайетт Кошмо Штаттары Украинанын көз карандысыздыгын жана аймактык биримдигин колдой тургандыгын баса белгиледи.

Орустар басымдуулук кылган Крымда белгисиз куралчандар бүгүн Крым парламентинин жана өкмөттүк кеңселердин имараттарын басып алып, үстүнө Орусиянын желегин орнотушту.

Биз бул жерде бүт Крымдан чогулдук. Мен Алушта шаарынан келдим, эч ким мажбурлаган жок. Мен ушул жерде төрөлгөм, ата-энем да ушул жактан. Биз Киевдин бийлигин кабылдай албайбыз. Же 1992-жылдагы Конституцияны калыбына келтиришсин, болбосо, сүйүнүп эле Орусияга киребиз. Орусия биздин мекенибиз, биз оруспуз,- деди Крым парламентинин алдында өтүп жаткан митингдин катышуучусу Милоданова.

XS
SM
MD
LG