Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Крымда 25-майда референдум өтөт


Украинадагы Крым автономдук республикасынын парламенти бейшембидеги кезексиз жыйынында 25-майда автономиянын укуктарын кеңейтүү боюнча референдум өткөрүү чечимин кабыл алды. Кезексиз жыйын кечээ белгисиз куралчан адамдар ээлеп алган парламент жыйынында өттү.

Референдум өткөрүү боюнча чечимди жыйынга катышкан 64 депутаттык 61 колдогон. Парламент дагы бир чечими менен автономиянын өкмөт башчысы Анатолий Могилевду кызматтан кетирип, анын ордуна Сергей Аксеновду дайындады.

27-февралда таң эрте автономдук республиканын өкмөтү жана парламентинин имаратын куралчан адамдар ээлеп алып, имараттарда Орусиянын тууларын илишкен. Андан соң имараттын алдында 500гө жакын адам чогулуп, автономиянын укуктарын кеңейтүү боюнча референдум өткөрүүнү талап кылган. Украинанын укук коргоо органдары бул окуяга байланыштуу террордук акт деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG