Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Мамытов: өкмөт оппозиция менен диалогго даяр


Бул тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов кечээ Бишкекте өткөн “Кыргызстан менен Украинадагы окуялардын окшоштугу” аттуу конференцияда билдирди. Анын айтымында, өкмөт оппозициянын сунуштарын угууга жана биргеликте иш алпарууга даяр.

Ушул апта башында Кыргызстанда бийликке нааразы саясий күчтөр "Улуттук оппозициялык кыймылга" бириккенин жарыялап, Бишкекте бет ачар жыйынын өткөргөн. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жетектеген кыймыл азыркы бийликти ыңкылаптан кийин бир да тармакта жарытылуу реформа жүргүзгөн жок деп сындап, башкарууну бир колго топтоду деп президентти айыптаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG