Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

АКШ авторитардык өкмөттөрдү сындады


АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укугу боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөдөгү авторитардык өкмөттөрдүн бийликти кармап калуу үчүн режимге каршы чыккандарга карата куугунтуктарын сынга алган. Баяндамада мындай репрессиялык башкаруу ыкмалары бул өлкөлөрдөгү туруктуулукка, коопсуздукка жана экономикалык өнүгүүгө тоскоол болуп жатканы айтылат.

Адам укуктары боюнча декларациянын кабыл алынганынын 65 жылдыгына арналып чыгарылган баяндамада дүйнө калкынын үчтөн бири авторитардык башкаруудагы режимдерде жашап жатканы көрсөтүлгөн. Орусия, Иран баштаган 80 мамлекетте сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген мыйзамдар бар экени белгиленген.
XS
SM
MD
LG