Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрчү мекеме тандалды


Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жалпы республикалык тестирлөөнү Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору уюштурат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн жылы декабрда республикалык тестирлөөнү уюштурчу мекемени аныктоо боюнча сынак жарыяланган. Ага Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен Көз каранды эмес тестирлөө борбору катышкан. Бейшембиде бул сынактын жыйынтыгы чыгарылып, тестирлөөнү бир нече жылдан бери уюштуруп келген Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жеңүүчү аталды.

Кыргызстанда 2002-жылдан бери жогорку окуу жайларга студенттер тестирлөө аркылуу тандалып алынат. Бул жылдары 400 миңден ашык абитуриент жогорку окуу жайга тест аркылуу өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG