Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Дооронбек Садырбаевге арналган көргөзмө ачылды


Бүгүн Бишкекте белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, кинорежиссер Дооронбек Садырбаевге арналган китеп-иллюстрациялык көргөзмө ачылды. Улуттук китепканада өтүп жаткан бул иш-чара маркумдун 75 жылдыгына карата уюштурулду.

Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын эл артисти, “Манас” орденинин кавалери, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты Дооронбек Садырбаев тирүү болгондо быйыл 75ке чыкмак. Ал 1939-жылы февраль айында Ноокенде туулган. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, 8 китептин автору болгон.

Кыргыз эл баатыры наамы ага 2008-жылы көзү өткөндөн кийин ыйгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG