Кыргызстандын тез жардам кызматына бүгүн 85 жаңы унаа тийди. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан бөлүнгөн 84 миллион сомго сатылып алынган атайын машиналар өлкөнүн бардык аймактарына жөнөтүлөт. Машиналардын ачкычтарын дарыгерлерге премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тапшырды. Өкмөт башчы медицина тармагына жардам дагы уланаарын айтып, жакында эде Чүйдүн Кемин жана Панфилов райондорунун ооруканаларына ар бири 5 миллион сомдук заманбап флюорография аппараттары сатылып алынганын кошумчалады. (RK)