Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Oрусия: Севастопол аба бекетин басып алууга тиешебиз жок


Куралчан кишилер Севастополдун жанындагы "Белбек" ("Бельбек") аба майданын карай кетчү жолду бууп салышты. Крым, Украина. 28.2.2014.
Куралчан кишилер Севастополдун жанындагы "Белбек" ("Бельбек") аба майданын карай кетчү жолду бууп салышты. Крым, Украина. 28.2.2014.
Орусиянын Кара деңиз флоту анын күчтөрү Севастопол аба бекетин басып алууга катышпагандыгын билдирди.

Украинанын жаңы ички иштер министри Арсен Аваков «Орусиянын деңиз күчтөрүнүн аскерлери Севастополдун аба бекетине баруучу жолдорду тосуп турат, ал эми ким экени анык болбогон куралчандар шаардагы дагы бир аба бекетин кайтарууга алышты», - деп билдирген эле. Аваков аба майдандарынын басып алынышын "куралдуу кол салуу жана баскынчылык" аракети катары сыпаттады.

Учурда Украин президентинин кызматын аткарып жаткан Александр Турчинов Крымдагы кырдаалды талкуулоо үчүн коопсуздук кызматтарынын чукул жыйынын өткөргөнү жатат. Украинада бир гана Крымда орустар калктын жарымынан ашыгын түзөт.

Украинанын парламенти - Жогорку Рада - Орусия, Британия жана АКШга кайрылып, 1994-жылы бул мамлекеттер кол койгон меморандумга ылайык Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоого чакырды жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине Крымдагы жаңжалдуу кырдаалды талкуулоо сунушун жолдоду.

XS
SM
MD
LG