Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Украинада Борбордук Банк чет элдик валюта алууну чектеди


Улуттук валюта болуп көрбөгөндөй арзандап кеткенден кийин Украинанын Борбордук Банкы чет элдик валюта алууга чектөө киргизди. Борбордук Банктын жетекчиси Степан Кубив күнүгө бир адам 1500 доллардын тегерегинде гана валюта сатып ала алаарын билдирди.
Улуттук акча бирдиги гривна (хривна) жыл башынан бери дээрлик 20 пайызга арзандап кетти. Ал эми чет элдик валюта резерви дээрлик 18 миллиард доллардан 15 миллиардга төмөндөдү.
Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк өлкө жакын арада чет элдик каржылык жардам ала баштайт деген үмүтүн билдирди.
Эл аралык Валюта кору келерки жумада Киевге делегация жөнөтүүдө. Украинанын жаңы жетекчилери банкроттукка жол бербөө үчүн 35 миллиард доллар керектигин айтышкан.

XS
SM
MD
LG