Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Көлдө аң улоочу жерлерди кыскартуу сунушталууда


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев аң улоочу аянттарды ижарага берүүнү 10 жылдык мөөнөткө токтото турууну сунуштоодо. Бул тууралуу “Азаттыка” облус бийлигинин маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди. Каптагаев өз сунушун облус аймагында аңчылык ресурстарынын азайып баратканы менен түшүндүрдү.

- Ал үчүн жергиликтүү айыл кеңештер чечим кабыл алып, жерлерди жайыт катары гана пайдаланууга бере башташы зарыл, - деди Каптагаев.

Мындай сунуш колдоого алына турганын жергиликтүү кеңештердин төрагалары билдирди. Себеби, алардын айтымында, аңчылык кылууга уруксат алган фирмалар жергиликтүү салыктарды төлөбөй, аңчылык департаменти менен түзүлгөн келишимдин негизинде гана иштөөдө.

Ал эми аңчылык департаменитинин берген маалыматы боюнча, облус аймагында жарыяланган браконьерликке каршы үч айлык рейд учурунда 22 мыйзамсыз иштин бети ачылып, 437 миң сом доо жана 1 900 сом айып өндүрүлгөн. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG