Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Украина: Керри провокациядан сак болууга чакырды


АКШнын Мамкатчысы Крым боюнча бардык тараптарды провокациядан сак болууга чакырды. Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри аны Орусия Украинанын аймактык биримдигин урматтайт деп ишендиргенин кошумчалады. Кечээ Крымда беткап кийген кишилер аймактык парламентин жана өкмөттүк имараттарды басып алып, Орусиянын желегин сайышкан эле. Крым парламенти аймактын автономиясын кеңейтүү боюнча 25-майга референдум жарыялаган. Украин парламенти 1994-жылы кол коюлган меморандумга ылайык, АКШ, Британия менен катар Орусияны Украинанын аймактык биримдигин сактоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG