Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Москва: Крымдын жардам тууралуу кайрылуусуна жооп беребиз


Орусия Крымдын москвачыл премьер-министри Сергей Аксеновдун кайрылуусун көз жаздымда калтырбайт. Бул жөнүндө президент Владимир Путиндин кеңсеси кабарлады.

Ишембиде Аксенов Украинанын курамындагы автономияда бейпилдикти сактоого жардам берүүнү өтүнгөн. Ал ошондой эле жарым аралдын бардык аскерлери, полиция, чек арачылар жана коопсуздук күчтөрү премьердин гана буйругун аткарууга тийиш деп билдирди. Аксенов бул буйрукка макул болбогондор кызматтарынан кетсин деп эскертти.

Жума күнү Крымдын негизги аэропортуна орус аскерлери деп болжолдонгон куралчан адамдар жайгаштырылган. Дагы бир маалыматтарга караганда, түн ичинде орусиялык учактар жүздөгөн аскерлерди ташып келди. Украинанын утурумдук президенти Олекесандр Турчинов Москваны Крымдагы агрессия үчүн айыптап, Путинди провокацияларды токтотууга жана аскерлерди алып чыгууга үндөдү. АКШ президенти Барак Обама "Орусия Украинага басып кирсе, анын кесепети Москва үчүн кымбатка түшөт” деп эскертти.

XS
SM
MD
LG