Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Косовонун футбол командасы ФИФА уруксат берген алгачкы матчты ойнойт


Косово ФИФА тарабынан жактырылган алгачкы матчты ойномокчу. Ишембиде Косовска-Митровицада Гаити менен достук беттешүү болот. Январда ФИФА Сербиядан тиешелүү уруксат алды. Косово 2008-жылы өзүн Белграддан көз карандысыз деп жарыялаган. Өлкөнү 107 мамлекет тааныганы менен, БУУга жана эл аралык спорт уюмдарына кошулуу укугуна ээ боло элек. Косово футбол федерациясынын төрагасы Фадил Вокрринин айтымында, Гаити менен матч косоволуктардын “обочолонушуна чекит коймокчу”. Бирок беттешүүнүн башында Косовонун гимни ойнолбойт жана желеги көтөрүлбөйт.

XS
SM
MD
LG