Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Фукусимадагы кырсык үчүн жооптуу кишилердин иштери кыскартылды


Фукусима атомдук станциясындагы кырсык үчүн жооптуу адамдардын кылмыш иштерин кыскартуу чечимине нааразы болгон жүздөгөн киши Токиодо демонстрацияга чыгышты. 2011-жылдын март айында күчтүү цунами жер титирөөгө алып келип, станция катуу жабыркаган. Реактор эрий баштаганда радиациялык заттар айлана-чөйрөнү, сууну булгаган. Көптөгөн тургундар ошол бойдон үйлөрүнө кайтып келе алган жок. Парламенттик комиссия кырсыкка цунами гана эмес жооптуу адамдардын туура эмес аракеттери алып келгенин аныктаганы менен, Фукусиманы иштеткен TEPCO компаниясынын өкүлдөрү же өкмөттүк чиновниктер жазаланган жок. Станция ошондон бери иштебей турат.

XS
SM
MD
LG