Венесуэлада студенттер баштаган антиөкмөттүк чыгуулар уланууда. Эки жуманын ичинде демонстранттар менен полициянын кагылышууларында 18 киши набыт болду. Эл азык-түлүктүн тартыштыгы, жумушсуздук, инфляция жана кылмыштуулуктун өсүшүнө нааразылыгын билдиришүүдө. Оппозиция лидерлери президент Николас Мадуро уюштурган “Тынчтык конференциясын” бойкоттошту. Мадуро бийликке былтыр Уго Чавес өлгөндөн кийин келген. Үстүбүздөгү аптада чалгындоо кызматынын 8 мүчөсү кармалып, демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонгон жана адам өлтүргөн деген айып тагылды.