Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Киев: Орусия Крымга 6 миң аскер жөнөттү


Украинанын коргоо министри Игорь Тенюх Орусиянын Крымга 6 миң аскер жана оор техника жибергенин айыптады. “Эскертүүсүз жана уруксатсыз жасалган бул кадам мамлекеттик чек араны бузбоо келишимин одоно бузат”, - деди министр өкмөттүн бүгүнкү жыйынында.

Виктор Янукович президенттиктен кулатылгандан кийин автономиядагы орусиячыл күчтөр Киевдеги жаңы өкмөттү тааныбасын билдиришүүдө.

Бейшембиде Крымдын парламенти өкмөттү кетирип, премьер-министрликке москвачыл Сергей Аксеновду дайындаган. Ошондон бери жарым аралдын айланасындагы кырдаал кескин курчуп баратат.

Аксенов Орусиянын Кара деңиз флотунун аскерлери аймактын маанилүү объектилерин кайтарып жатышканын билдирди.

Ишемби күнкү өкмөттүк жыйында ал жарым аралдын келечеги боюнча референдум мурда пландалган 25-майда эмес, 30-мартта өткөрүлөрүн жарыялады.

25-майда Украинада президенттик шайлоо болмокчу.

XS
SM
MD
LG