Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Армения Бажы биримдигине кирүүгө апрелде даяр болот


Армениянын оппозициядагы Улуттук Конгрессинин коалициясынын төрагасы, мурдагы президент Левон Тер-Петросян армениялыктарды өлкөнүн Бажы биримдигине болочок мүчөлүгүн “кабыл алууга” үндөдү. Саясатчы 2008-жылкы кандуу окуяларды эскерүү иш-чарасында сүйлөп, Армения Орусияга ыкташы керек, Европа биримдигине кошулуу пландары ушу тапта ишке ашчудай эмес деди. Тер-Петросяндын айтымында, Армениядай чакан өлкө жарандык согушту көтөрө албайт. Ереван Орусия жетектеген биримдикке кошулуу ниетин өткөн сентябрда билдирген жана ноябрда Евробиримдик менен ассоциациялык келишимге кол койбоону чечкен.

Бүгүн болсо өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Шаварш Кочарян Армения апрелдин ортосуна чейин бардык керектүү милдеттенмелерин аткарат деп билдирди. Бажы биримдигине Орусиядан тышкары Беларус жана Казакстан кирет.
XS
SM
MD
LG