Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:09

Крым аэропорттору жүргүнчүлөргө жабык


Симферополь эл аралык аба майданы, Крым, Украина, 28.02.2014.
Симферополь эл аралык аба майданы, Крым, Украина, 28.02.2014.
Украинанын Крым жарым аралындагы эки жарандык аба майдан жабык бойдон кала берүүдө. Буга Крымдын аба мейкиндигинин толугу менен жабылышы себеп болду. Украин эл аралык аба жолдору ("МАУ") жана Орусиянын "Аэрофлот" авиаишканалары жарым аралга каттамдарын убактылуу токтотушканын маалымдашты.

Севастополь шаарындагы Бельбек эл аралык аба майданы жарандык каттамдар үчүн жабык турат. Ал эми Крымдагы эң ири аэропорт – Симферополь эл аралык майданынан бүгүнкү жадыбалдагы 13 каттамдан бирөө гана учканга жетишти. Учурда Украин эл аралык аба жолдору ("МАУ"), "ЮтЭйр" жана "Эйр Оникстин" Киевге, "Аэрофлот" жана "S7 Эйрлайнстын" Москвага жана Түрк аба жолдорунун Стамбулга каттамдары токтотулду.

Жарым аралдын аба мейкиндигин кесип өткөн учактар Крымды айланып учууга мажбур болушууда. Крымдын аба мейкиндиги качан ачылары белгисиз. (BAz)

XS
SM
MD
LG