Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Путиндин Украинада куралдуу күчтөрдү пайдалануу сунушу колдоо тапты


Орусия парламентинин жогорку палатасы – Федерация кеңеши орус аскерлерин Украинада пайдалануу сунушун колдоп добуш берди.

Бүгүн (1-мартта) Орусиянын президенти Владимир Путин Федерация кеңешинен Украинанын аймагында орусиялык куралдуу күчтөрдү колдонууга уруксат сурады. Анын алдында айрым орусиялык депутаттар президентке кайрылып, эгемен Украинага таандык Крымдын калкын "зомбулуктан жана өз билемдиктен коргоо үчүн" чара көрүүгө чакырышкан.

Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жарым аралга орус аскерлеринин чектелген контингентин киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.
Ага чейин калкынын басымдүү бөлүгүн орустар түзгөн Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов “тынчтыкты жана тартипти сактоо” үчүн Орусиянын президенти Путинден жардам сураган.

Украинанын жаңы бийлиги "Орусиянын жоокерлери" деп шектелген куралчандардын 28-февралда Крымдын айрым аба майдандарын көзөмөлгө алышын өлкөнүн аймактык кол тийбестигине каршы кадам жана баскынчылык катары баалаган,

НАТОнун Башкы катчысы Андерс Фог-Расмуссен Орусияны Украинанын эгемендигин кадырлоого чакырды, Анын айтымында, НАТОго мүчө өлкөлөр кырдаалга кылдат байкоо салууда,

XS
SM
MD
LG