Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Кличко Орусиянын базасы боюнча келишимди денонсациялаш керек деп эсептейт


Украинада УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко утурумдук президент Олександр Турчиновдон БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакыртууну талап кылды. Кличко ошондой эле Жогорку Раданы шашылыш сессияга чогулууга үндөдү. Ал Орусиянын Кара деңиз флотунун базасын Крымда жайгаштыруу келишимин денонсациялаш керек деп эсептейт.

Ал эми радикалдар өз бөлүктөрүнүн мобилизациясын жарыялашты.Бул тууралуу Интерфакс-Украина агенттиги кабарлайт.

1-мартта Орусия парламентинин жогорку палатасы - Федерация кеңеши орус куралдуу күчтөрүн Украина аймагында колдонууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG