Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:25

Британия Орусиянын Федерация кеңешинин Украина боюнча турумун айыптады


Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг. 20.2.2014.
Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг. 20.2.2014.
Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг (William Hague) Украинадагы аскердик иш-чара тууралуу сунуштун Орусиянын парламентинин Федерация кеңеши тарабынан жактырылышын кескин айыптады. Министр Хейг Орусиянын Лондондогу элчисин чакыртып, Британиянын камтамасын ортого салды.

Британдык ТИМдин жетекчиси Орусиянын Федерация кеңешинин кадамы Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана мамлекеттик көз карандысыздыгына коркунуч жаратат жана Улуу Британия Украинага каршы баскынчылыктын кандай болбосун түрүн айыптайт деп билдирди.
Расмий Лондон өз жарандарына Украинанын Крым жарым аралынан чыгып кетүү кеңешин берди.

XS
SM
MD
LG