Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Лондондо Нооруз майрамдалат


Британиянын парламенти жана Биг-Бен мунарасы, Вестминстер, Лондон, Англия.
Британиянын парламенти жана Биг-Бен мунарасы, Вестминстер, Лондон, Англия.
Британ борборундагы Нооруз салтанатына адаттагыдай эле кыргызстандыктар жигердүү катышуусу күтүлүүдө. Гринвичтеги Голдсмит колледжинде 20-мартта кыргыз ыр-бийлери жаңырат. Нооруз 21–22-мартта "Паша" кыргыз даамканасында дагы белгиленет.

Ал эми Лондон университеттик колледжинде (UCL) 23-март күнү улуттук тамак-аштардан даам татуу, этномода көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк жарманкеси жана оюн-зооктор чоң шаан-шөкөт менен коштолот. Бул тууралуу "Британиядагы кыргыз студенттери" уюму кабарлады.

Кыргызстандын Британиядагы элчилигинин колдоосу менен "Британиядагы кыргыз студенттери" жана "Кыргыз клубу" уюмдары Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Татарстан жана Өзбекстандан келген студенттер менен биргеликте уюштурган майрамдык иш-чарага беш миңден ашуун коноктор келиши күтүлүүдө.

Майрамда Лондондогу кыргыз элчилигинин чакыруусу менен бийчи Атай Өмүрзаков жана анын үч шакирти өз өнөрлөрүн британиялыктарга көрсөтүшөт.

Кыргызстандыктар конокторго улуттук тамак-аштан сырткары, элдик жана заманбап ырларын жана бийлерин тартуулашат. Британиядагы кыргыз элчилигинен тышкары, майрамга Англиядагы кыргыз коомдору, Борбор Азиянын дипломаттары жана жергиликтүү тургундар катышат.

Лондондон сырткары Нооруз Кембриж шаарында жана Шотландиянын борбору Эдинбургда дагы белгиленет. (BAz)

XS
SM
MD
LG