Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Ошто “Жаштар өкмөтүнүн” мүчөлөрү сурак берди


Ошто “Жаштар өкмөтү” деп аталган топтун мүчөлөрү Дайыр Орунбеков менен Максат Кунакуновду 1-мартта күч органдарынын кызматкерлери кармап, суракка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Дайыр Орунбеков билдирди.

Алар ишембиде Ош филармониясында жаштардын жыйынын өткөрүү үчүн чогулушкан болчу. Уюштуруучулар билдиргендей, жаштар тобуна жыйын өткөрүүгө уруксат берилбей жатат. Топ мүчөлөрү жыйынды өткөрүү үчүн мэрия менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, топтун мүчөлөрүнө күч колдонулган эмес. Күч органдарынын кызматкерлери алар менен агрессиялык чакырыктарга жол бербөө тууралуу сүйлөшүп, коюп жиберген.

Оппозициялык маанайдагы жаңы түптөлгөн “Жаштар өкмөтү” тобу аймактык бөлүнүүгө жол бербөө максатында бир жумадан бери жер-жерлерде жыйын уюштуруп келүүдө. Алар 27-февралда Кеминге топтолгон учурда жергиликтүү аксакалдар тарабынан сынга кабылышкан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG