Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Украин армиясы жогорку даярдыкка келтирилди


Украина куралдуу күчтөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилгени тууралуу билдирүүнү утурумдук президент Олександр Турчинов кечээ улуттук телеканалдан жасады:

- Ыктымал агрессияны эске алып, Украинанын куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирүү буйругун бердим.

Атомдук ишканалар, аэропорттор жана башка стратегиялык жайларды кайтаруу күчтөүлдү. Турчинов Орусиянын "Украинага каршы агрессиясын" эч нерсе актабайт деди.

Кечээ Орусия парламентинин жогорку палатасы орус армиясын Украина аймагында пайдаланууга уруксат берген. Президент Владимир Путин Федерация кеңешине кайрылып, Крымда жайгашкан орусиялык базаны жана Украинада жашаган этникалык орустарды коргоо үчүн аскерлерди киргизүүгө уруксат сураган.

Добуш берүүдөн кийин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков: "кошумча аскерлерди Украинага жиберүү чечими кабыл алына элек, бардыгы Крымдагы кырдаалга жараша болот", -деди.

Украинанын расмий адамдары ырастагандай, Крым автономиялуу аймагына буга чейин эле миңдеген жоокерлер жайгаштырылган.

Интерфакс агенттиги Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү булакка таянып жазганына караганда, орусиялык согуштук кемелер жарым аралдын жээгинде байкалган. Жана бул база боюнча келишимди одоно бузуу болуп саналат.
Окуялардын мындай өнүгүшүнө камтама болгон Батыш Москваны аскерлерин Украинага киргизбөөгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG