НАТО Украинадагы абалды талкуулоо үчүн бүгүн чукул жыйын өткөргөнү жатат. Альянстын негизги саясий органы болгон кеңештин жолугушуусу Польшанын сунушу боюнча өткөрүлмөкчү. Орусиянын кошуна Украинага ыктымал интервенциясы Варшаваны өтө кооптондурат.
НАТОнун Баш катчысы Андерс Фог Расмуссен жыйын тууралуу Твиттерде жарыялап, “Орусия Украинанын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларын урматтоого тийиш” деп жазды. Ал эми Түндүк Альянс менен Украинанын жыйыны эртең Брюсселде болот.