Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Жалал-Абадда “хизбутчу” деп шектелген 51 аял бар


Жалал-Абад облусунда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деп шектелген 51 аял бар экенин облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Аймакта жалпысынан 523 киши ушул уюмдун мүчөсү катары шектелип, каттоого алынган. 2014-жылдын январь-февраль айларында 13 киши "Хизб-ут Тахрир" партиясына таандык баракчалар жана адабияттар менен кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси – “диний кастыкты козутуу” боюнча кылмыш иши козголду.

Жалал-Абадда Вахабий агымынын 10, “Акрамий” кыймылынын 4 мүчөсү да каттоого алынган. (YA)

XS
SM
MD
LG