Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Москвада Украинадагы аскердик аракеттерге каршы акциялар болду


Москвада Украинадагы аскердик интервенцияга каршы чыккан ондогон киши кармалды. Интерфакс агенттиги полицияга шилтеме жасап кабарлаганына караганда, коргоо министрлигинин жанында 40 киши “коомдук тартипти бузуу аракети” үчүн кармалды.

Укук коргоочу уюмдардын бири камалгандардын саны 100 кишиге жеткенин маалымдады. Согушка каршы акция Манежная аянтында да өттү. Чогулгандар “Согушка – жок!” деген ураандарды, айрымдары Украинанын желектерин көтөрүп, сары-көк түстөгү тасмаларды тагынып алышкан. Полиция акция болгон жерди автобустар менен торогон. Ал жерде 30дай киши кармалганы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG