Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Куралчан адамдар Украинадагы базаларды торошууда


Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Москва Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бузду деп билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Киевге аттанып жатып айтты. Хейг Украинадагы кризиске катышкан тараптарды жаңжалды алдын алууга чакырды. Крымдагы “өзүн-өзү коргоо” күчтөрү аскердик базаларды көзөмөлгө алышканы тууралуу кабарлар тарагандан бери Батыштын кабатырлануусу ого бетер күчөдү. “Өзүн-өзү коргоо” күчтөрү деген терминди жарым аралдын орусиячыл бийлиги колдонот.

Ал тапта Украинанын коргоо министрлиги бир миңдей куралчан адам өлкөнүн чек ара кызматынын Крымдагы базасына кире бериштерди тороп турушканын билдирди. Министрликтин бүгүнкү маалыматына ылайык, “миңдей куралчан адам жана 20 жүк ташуучу машине Перевалнедеги чек арачылардын 36-бригадасын тосуп турушат”. Ал куралчан адамдар ким экени такталган жок.

XS
SM
MD
LG