Пакистан өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, талиптер ок атууну бир айга токтоткондуктан, өкмөт да абадан сокку урууну токтотту. Ички иштер министри Чаудри Нисар Али Хандын билдирүүсүндө, Пакистан өкмөтү ар кандай башаламандык жана кол салууларга жооп берүү укугун сактап кала бергени белгиленди.
Ишембиде Пакистандагы талиптердин маалымат өкүлү Шайдулла Шахид өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууга шарт түзүү аракетинде бир айлык ок атышпоо тууралуу жарыялаган. Шахиддин айтымында, ал дароо күчүнө кирүүдө. Пакистандагы "Талибандын" билдирүүсүндө: “Жогорку жетекчилик бардык топторго ок атышпоо чакырыгын урматтоо жана бул мөөнөт ичинде бардык жихаддык аракеттерден кармануу кеңешин берет”, - деп айтылат. Пакистан өкмөтү менен согушкерлер ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн буга чейин майнап чыкпай келген.