Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:08

Жогорку Кеңеште Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү каралат


Парламенттеги коррупцияга каршы күрөш комитетинде бүгүн Ички иштер министрлигинин 2012-жылдагы ишин текшерген тармактар аралык комиссиянын маалыматы угулат. Ал кезде министрликти Зарылбек Рысалиев жетектеп турган. Комиссиянын текшерүүсү учурунда финансылык мыйзам бузуулар жана соттолгон адамдарды ишке алуу фактылары аныкталганы кабарланган. Комитет жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов, ички иштер министри Абдулла Суранчиев жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү маалымат берери Жогорку Кеңештин маалымат сайтында кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG