Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү өтөт


Бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүүгө арналган өкмөт аралык кезектеги жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын коопсуздук боюнча вице-премьери Токон Мамытов баштаган делегация Дүйшөмбүгө учуп кетти. Ал тажик вице-премьери Мурадоли Алимардон менен жолугуп, январдан бери жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкууланмакчы.

Буга чейин жолугушуулар 14-15-февралда Бишкекте өткөн болчу. Кыргыз-тажик чек арасы 11-январда болгон эки өлкө чек арачыларынын ортосундагы атышуудан соң жабылган. Андан бери бир канча жолу өкмөт аралык сүйлөшүү болду. Бирок майнап чыга элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG