Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

"Кыргызфильмдин" директорлугуна сынак жарыяланды


Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директорлук ордуна сынак жарыялады. Татыктуу адамды тандоого Кинематография департаментинин өкүлдөрү, белгилүү киноишмерлер катышкан 25 адамдан турган комиссия түзүлдү. Аны кинорежиссер, КРнын эл артисти Геннадий Базаров жетектейт.

Соңку жылдары "Кыргызфильмди" Таалайбек Кулмендиев жетектеп келген. Жакында ал өз арызы менен иштен кеткен. (ATe)

XS
SM
MD
LG