Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Балдар ооруканасында дарыгер сабалды


Бишкектеги №3 балдар ооруканасында дарыгер сабалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Окуя 1-мартта болгон. Дарыгерге ооруканадагы бейтап балдардын биринин энеси кол көтөргөн деп шектелүүдө. Чырдан улам мээси чайкалган дарыгер ооруканага жаткырылды.Чатактын эмнеден улам чыкканы учурда териштирилип жатат.

12-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин ортосунда чыр чыккан. Мурашев иниси менен бирге “тууганымды жакшы карабайсың” деп аны токмоктогонун дарыгер билдирүүдө. Депутат болсо бул айыптоону четке кагып, "өз ишине шалаакы мамиле жасаган дарыгер жоопкерчиликтен качып жатканын" айтып чыкты. Бул окуя боюнча депутатка жана анын тууганына карата кылмыш иш козголгону белгилүү болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG